2022-жылдын 13-октябрында Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Нарын районундагы билим берүүгө мыкты салым кошо ала турган демилге жаш мугалимдердин алгачкы онлайн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө «Билим берүү менеджменти» тайпасынын ишмердүүлүгүнүн максаты, милдеттери талкууланды. Катышуучулар бир катар билим берүүгө байланышкан сунуш пикирлерин айтышты. Жолугушуунун аягында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова тайпанын мүчөлөрүнө өз каалоо тилектерин жолдоду.
Ушул эле күнү Нарын районундагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн маалымат — технологиялык каражаттарын пайдалануу жаатында кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча онлайн сабактар өтүлүп башталды.
«Билим берүү тармагын жакшыртуунун эки жолу бар, мыкты мугалимдерди жумушка алуу же мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу» дегендей, бул иштер билим берүү тармагын жакшыртууга өбөлгө болот деген ишеним зор!