Билим берүү жана илим министрлиги Нарын облусундагы авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышты

Билим берүү жана илим министрлиги Нарын облусундагы авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышты

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын районундагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында министрликтин өкүлдөрү Нарын районундагыТ. Байбураев атындагы орто мектепке барышып, мектептин авариялык абалына өз көзү менен күбө болушту. Бул билим берүү мекемеси учурда авариялык абалда болуп, окуучулар үчүн коопсуздук талаптарына жооп бербей турган шартта билим берүү процессин улантууда.

Министрликтин адистери мектептин имаратын, материалдык-техникалык базасын, окуучулардын жана мугалимдердин шарттарын көрүп чыгып, көйгөйлөрдү жеринде аныкташты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте көйгөйдү чечүү жолдору боюнча талкуу жүргүзүлдү.

 

Жооп калтыруу