БИЛИМ КҮНҮ

2023-жылдын 1-сентябрында  Нарын районунун баардык мектептеринде Билим күнү белгиленип салтанатуу иш-чаралар өткөрүлдү.Нарын райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаров жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Б.Исакова Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айлындагы К.Абиров жана Кайынды айлындагы М.Кенжакунов атындагы орто  мектептеринде болуп,билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарасына катышып ,окучуларды жана жалпы билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалады .
Ошондой эле баардык мектептерге райондун жетекчилери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып   куттуктоо сөздөрүн айтышып «Менин өлкөм -Кыргызстан «деген темадагы класстык сааттарга күбө болушту

 

Добавить комментарий