2022-жылдын 20-декабрь күнү тарых жана география сабагынын демилгелүү жумушчу тобу тарабынан суроолорду сайтка жайгаштыруу иш аракети Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 — орто мектебинде болуп өттү.
Нарын райондук билим берүү тармагында 2022-2023-окуу жылынын сентябрь айынан тартып, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу багытында атайын сайт уюштуруу демилгеленген. Бул багытта мектептердин мугалимдери репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү суроолорду түзүү боюнча атайын окутуулар уюштурулуп, мугалимдердин тарабынан мындай багыттагы суроолор даярдалып, тиешелүү адистер менен биргеликте сайт түзүлүп, суроолор жайгаштырыла баштады.
Учурда тарых жана география сабактары боюнча суроолорду сайттан көрүүгө болот. Иштин негизги максаты — акырындык менен суроолордун сапатын жакшыртуу жана жогорку деңгээлдеги суроолорун билим берүүнүн накта ишке ашыруучулары болгон мугалимдердин күчү менен даярдоо болуп саналат.
Мугалимдердин бирикмелери тарабынан атайын комиссия жана демилгелүү жумушчу топ түзүлүп иш алып барылууда. Алардын максаты суроолордун сапатына көзөмөл жүргүзүү жана сайтка жайгаштыруу.
Сайттын өзгөчөлүгү бардык мугалимдер жана окуучулар үчүн жеткиликтүү жана бекер билим деңгээлин сыноо аянтчасы. Ар бир окуучу өз алдынча, мугалим окуучулар менен бирдикте билим сапатын сыноо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Урматтуу кесиптештер! Ар бир башталган иште көп катачылыктар болот эмеспи, ошондой каталар боюнча сунуш пикирлерди жана сиз тараптан даярдалган суроолор менен бөлүшкүңүз келсе rbbbnaryn@gmail.com электрондук дарегине жиберсеңиздер болот.
Сайтты baaloo.edu.kg деп издесеңиздер болот.
Сайтты түзүүгө кошкон зор салымы үчүн Асанкулов Бакытка, жумушчу топтун ишине шарт түзүп бергендиги үчүн Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 — орто мектебине, Нарын районундагы тарых жана география мугалимдерине жана демилгелүү жумушчу топтун мүчөлөрүнө, предметтик комиссияга терең ыраазычылык билдиребиз!