БИЛИМ САПАТЫНЫН ӨЗӨГҮ — ТУУРА СУРОО БЕРҮҮ

              2022-жылдын 29-сентябрь күнү Нарын районундагы Жолдон Саламатов атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган «Билим сапатынын өзөгү — туура суроо берүү» аталышында тарых мугалимдери үчүн семинар тренинг болуп өттү. Семинар Нарын районундагы тарых мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, мугалимдердин өз ара кызматташтыкта жигердүү иш алып баруусуна өбөлгө түзүү максатында уюштурулган. семинарга жалпысынан 29 мугалим катышып, тесттик суроолорду түзүү, жогорку деңгээлдеги суроолор жана алардын билим сапатын жакшыртуудагы мааниси талкууланып, тесттик суроолордун базасын түзүп уюштуруу жагы мерчемделди. Мындан сырткары мугалимдер кадимки чөнтөк телефондун жардамы менен иш алып баруу ыкмалары боюнча мастер класс өтүлдү.

            Келечек муундарга патриоттук тарбия берүүдө негизги ролду ойноочу тарых мугалимдеринин ишине ийгилик каалайбыз. 

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

 

Добавить комментарий