Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Ага Хан Фондусу менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Мектептер 2030» долбоорунун дизайн командаларынын окуусун жыйынтыктарына арналган Питчинг (кичи долбоорлорду презентациялоо) иш чарасы 2022-жылдын 13-декабрь күнү балдар бакчаларынын, 19-декабрь күнү мектептердин дизайн командаларынын катышуусунда өттү.
Аталган иш чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, долбоордун улуттук координатору, Ага Хан Фондусунун билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекова, MSDSPG коомдук фондунун билим берүү программасынын координатору, долбоордун регионалдык координатору Назгүл Курманбекова, долбоордун консультанты Илмира Шерматова, Нарын облустук мугалимдердин билимин жогоруталуу борборунун Нарын мамлекеттик университетинен, Нарын шаарык мэриясынын, Нарын шаардык, Ат Башы райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр келип катышышты.
Эске сала кетсек долбоор Нарын району, Нарын шаары жана Ат Башы районунун бала бакча мектептери менен иш алып барат.
Иш чарада мурунку жылдагы ийгиликтүү аткарылган иштерге кайрылып, ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө презентация болуп өттү. Ага улай жаңы окуу жылына карата командалардын долбоорлорунун презентациялары келген меймандардын кызыгуусун арттырды. Соңунда мектеп командаларына сертификат тапшырылды. Иш чара майрамдык сый тамак менен жыйынталды.
Мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга зор салым кошкондугу үчүн «Мектептер 2030» долбоорунун эмгек жамаатына, пилоттук мектептердин, бала бакчалардын командаларына жана жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.
Нарын райондук билим берүү бөлүмү