БИЛИМГЕ УМТУЛГАН КАДАМ — МЫКТЫ КАДАМ!

2023-жылдын 22-апрелинде Нарын районундагы Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинин базасында окуучулар арасында «АКЫЛ МАЙДАНЫ» интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Оюндун максаты окуучулардын интеллектуалдык дараметин көтөрүүгө багытталган. Бул оюнга өзүн сыноо максатында келген ар бир командада 4 окуучудан турган 18 команда ат салышты.

Оюндун жүрүшүнө сарэсеп салуу үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, меценат Узакбаев Дуулат Болотбекович, Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы Кабылбек уулу Жылдызбек катышты.

Оюн Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучуларынын демилгеси менен «КАДАМ» клубу тарабынан уюштурулду.

Оюндун жыйынтыгында Нарын районундагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин командасы жеңүүчү болсо, Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин командасы 2 – орунду, Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин командасы 3 – орунду камсыз кылды.

Нарын райондук билим берүү бөлүмү иш чараны уюштуруудагы зор салымы үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнөн куралган «КАДАМ» клубуна, Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучуларына жана жалпы эмгек жамаатына, иш чараларга демөөрчүлүк салымы үчүн Узакбаев Дуулатка жана баардык иш чарага демөөрчүлүк кылган агаларыбызга терең ыраазычылык билдирип, жеңүүчү командаларды жеңиши менен куттуктайт!

Добавить комментарий