БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТТЕНҮҮ КАДАМЫ — ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК!

     2023-жылдын 13-февралында Нарын районундагы жана Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген жаш педагогдордун жолугушуу семинар — тренинги болуп өттү. 

        Эске сала кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен билим берүү мекемелеринде эмгектенген жаш педагогикалык адистердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, мугалимдердин менеджерлик көндүмдөрүн жогорулатуу багытында атайын «Билим берүү менедменти» аталышында команда түзүлүп, команда мүчөлөрүнө онлайн компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу багытында курстар өтүлүп келген. Бул сапар команда мүчөлөрү алгачкы ирээт, бетме — бет жолугуп отурушат. 

      Семинар билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, команда менен иштөө, бири-бирин колдоо, мотивация маселелерине багытталып, катышуучулардын ар кыл багыттагы суроолоруна жооп берилди. 

Мындан сырткары Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мугалими Асел Саалиева кесиптештер менен учурда иштеп жаткан эл аралык долбоорлор менен кызматташуу жол жоболору боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. 

     Жолугушуунун жүрүшүндө команда мүчөлөрү БАК_ЭК (биргелешип аракеттенүү кадамы — эртеңки келечек) деп аталган демилгелүү команда түзүшүп, лидерлерин шайлашты. Мындан сырткары, өзүн — өзү өнүктүрүү, окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, ата-энелерди мектепке тартуу багыттары менен иштөө чечимин кабыл алышты.

      Нарын райондук билим берүү бөлүмү жаңы түзүлгөн команданын ишине ийгилик каалап, билим берүү тармагындагы бир ийгиликтердин себепкери болооруна ишенебиз.

      Семинарды өтүүдө базалык колдоосу үчүн Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин директору Ашыр Усубалиевге, Усулдук колдоосу үчүн «БАГЫТ МММ» демилгелүү командасына, техникалык колдоосу үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине, маалыматтык көмөгү үчүн Асел Саалиевага терең ыраазычылык билдиребиз!!!

          

Нарын райондук билим берүү бөлүмү

 

 

Добавить комментарий