“КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ” ДОЛБООРУ НАРЫН РАЙОНУНДА!

“Келечек үчүн билим берүү ” долбоорунун алкагында Нарын районунун 18 мектебине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан компьютердик жабдуулар берилди. Нарын району боюнча жалпы мектептерге 378 даана компьютер, 108 даана проектор, 18 даана 1/3 принтер, 36 даана коммутатор, 18 даана электр тогун жөнгө салуучу жабдуу алынып берилди….