Дөбөлү өрөөнүндө өткөрүлгөн облустук семинар
11-март 2022-жылы Нарын районундагы бала бакчалардын иштеп жаткан ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан иштери ошону менен бирге ийгиликтери тууралуу облустук семинар болуп өттү.
Семинардын биринчи бөлүгү Кенеш айылдындагы «Аруу-Тилек» бала бакчасында тарбиялануучу жеткинчектер кыргыз элинин маданиятын тилин сактоо «Манастын төрөлүшү» сахналаштырып, чагылдырылып жана балдарды туура тамактандыруу боюнча ашпозчулар мастер класс көрсөтүштү.
Экинчи бөлүгүндө Алыш айылындагы «Аруу-Тилек» бала бакчасында Сөз өстүрүү сабагы боюнча куштар тууралуу көрсөтмөлүү ачык сабак өткөрүлдү.
Үчүнчү бөлүгүндө Дөбөлү айылындагы Чокурова Токтобүбү атындагы «Небере» балдар бакчасында ортоңку «Жоогазын тайпасында» шахмат, тогуз коргоол кружогу боюнча, ал эми жогорку «Байчечекей» тайпасында англис тили сабагы боюнча «Кийимдер» темасында сабак өтүлдү.
Андан соң №2, №3 корпустарындагы 3 сааттык тайпага жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган тайпага саякаттар жүргүзүлдү.
Жыйытыгында «Небере 20 жашта» аттуу салтанаттуу кече Дөбөлү айылындагы маданият үйүндө семинар жыйынтыкталып, облустун ар бир районунан келген катышуучулар тарбиячылардын изденүүсүнө билимине, тапкычтыгына жогору баа беришип, каалоо тилектерин ошону менен бирге көп жакшы жетишкендиктерден маалымат алгандыгы тууралуу өз ойлорун билдиришти.