2022-жылдын 17-ноябрь күнү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен мектептерде «Диндерди өнүгүү тарыхы» сабагын окуучуларга окутуп жаткан мугалимдер үчүн усулдук семинар болуп өттү. Семинарды аталган сабак боюнча улуттук тренер, Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинин директору Мирзат Мамбетова жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Казыбек Асылбековдор алып барышты.
Семинарда мугалимдер сабактын негизги принциптери, сабакка байланышкан көйгөйлөр талкууланып, усулдук сунуштар берилди.
Жыйынтыгында, ай сайын тематикалык жолугушууларды жана үлгүлүү сабактарды уюштуруу маселелери талкууланды.