Достук көпүрөсү

2021-жылдын 3-4-5-ноябрь  күндөрү  элибиздин  улуу мурасы болгон «Манас» эпосун жайылтуу, райондор  аралык  ынтымакты бекемдөө, өсүп  келе жаткан жаш муундарды окутууда  Жалал-Абад  облусунуна караштуу Чаткал районунан келген  өкүлдөр менен иш тажрыйба алмашуу максатында  Нарын районунунда мектептердин  «Достук» көпүрөсү аталыштагы иш чарасы  өткөрүлдү. Иш чарага  Манас  театрынын  директорунун орун басары Талантбеков Нурбек, «Көйкашка» коомдук фондунун мүчөсү Самүдүнов Бакыт, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынышов Тажибай  Мамбетович  жана  Чаткал районунун  мектеп жетекчилери жана мугалимдери келишип, Нарын районундагы мектептерде  өткөрүлгөн иш чарага күбө болушту. Өткөрүлгөн иш чарада 2014-жылдан бери  «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашында республикада  алдыщкы орундарды камсыз кылган мектептер Э.Токсобаев, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби жана 2021- жылы  Республикада 1-орунду багындырган К.Абиров атындагы орто мектеби, конкурстан сырткаркы өткөрүлгөн турда  «баш байгени» багындырган  Б.Кыязов  атындагы орто мектеби  жана облустук турда 3-орунду камсыз кылган М.Мамбетов  атындагы орто мектебинин  окуучулар арасындагы өткөрүлгөн таймаштарга катышып, ар бир мектептин жигердүүлүк менен даярдык  көргөндүгү көпчүлүктү кубандырды. Мындан сырткары  А.Жутакеев  атындагы  орто  мектебиндеги   КР Жогорку Кещештин депутаты, маркум Ч.А.Турсунбековдун үй-бүлөөсү тарабынан уюштурулган   музей жана  кабинети, Чыныбай Акуновичтин демилгеси жана өз каражаты менен курулган 100 орундук «Умсунай Апа» бала-бакчасы менен таанышышты. Республикалык 30 күн“ Манас” айтуу конкурсунда баш байгени багындырган  Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин 7-классынын   окуучусу Үсөнкулов Алишер  да өз өнөрүн көрсөтүп көпчүлүктүн көщүлүн бурду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн  жаш манасчыларга  өздөрүнүн баалуу насаатын  айтып, ак баталарын беришти. Мектептин чыгармачылыгы менен уюшурулган   Түгөл  уулу  Усупбек атындагы  инновациялык мектебиндеги   интеграцияланган  кружоктор  көрсөтүлүп көптөгөн элдердин кызыгуусун арттырды. Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты мектеп жөнүндө кенен маалымат берип, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү менен тааныштырып,окуучулардын чакан концерттик программасын тартуулашты. Нарын шаарында жайгашкан Борбордук Азия Университети да сыртта калбастан  өздөрүнүн иштери менен тааныштырды.   Мына ушундай ар күнү ар түрдүү темаларды камтыган  иш-чарада Чаткалдык  туугандар иштеген иштерибиз  башкаларга үлгү экендигин  айтып,мындан аркы ишибизге ийгилик каалап кайтышты.

 

Добавить комментарий