«Эмгекти коргоо,техникалык, санитардык коопсуздук жана өзгөчө кырдаал мезгилинде билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин иш аракеттери» боюнча семинар өткөрүлдү.

2021-жылдын  27-октябрында  Нарын  шаарындагы  Ж.Шералиев атындагы музыкалык  мектебинде  Нарын  райондук билим берүү бөлүмүнүн  демилгеси  менен Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  Нарын райондук  комитети тарабынан «Эмгекти коргоо,техникалык, санитардык коопсуздук жана өзгөчө кырдаал мезгилинде билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин иш аракеттери» боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарда  Нарын санитардык-эпидемиологиялык борборунун сантардык врачы Абамуслимова Гүлайкан “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттары жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар”, “Мектепке чейинки билим берүү уюмунун түзүлүшүнө аларды  күтүүгө жана иштөө режимин уюштуруу карата санитардык –эпидемиологиялык талаптары”  боюнча мектеп жана бала бакчасына тийиштүү материалдарды  айтып жана слайд аркылуу көрсөтүп берди.    Нарын облустук башкармалыгына  караштуу калкты  жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башкы подполковниги  Арыкчиев Мырзабек  “Өзгөчө кырдаалдардын  критерийлери  жана классификациясы жөнүндө  түшүнүк  берди. Нарын облустук башкармалыгы караштуу өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык  куткаруу  иштери  боюнча  бөлүмдүн  офицери Жекшенбаев АдилетӨрт боюнча маалымат жана коопсуздук эрежелери” жөнүндө видео ролик  жана слайд аркылуу абдан түшунүктүү кылып кеңири маалымат берди.

 

Добавить комментарий