“Эрудит” интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү

Нарын облустук балдардын билим берүү борборунда “Эрудит” интеллектуалдык сынагы өткөрүлдү

2025-жылдын 25-февралында “2025-жыл – Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгусунун алкагында, мектеп окуучуларын жана жаштарды интеллектуалдык өнүгүүгө жана тарбиялоого багытталган «Эрудит» облустук интеллектуалдык сынагы Нарын облустук балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулду.

Сынакка Нарын районунун мектептеринен  үч  команда катышты.  Жерге-Тал айылындагы «Өрнөк» балдардын чыгармачылык билим берүү борборунун мугалими Өмүров Муктар жетектеген  көркөм сүрөт ийриминин окуучуларынан түзүлгөн «Керемет» командасы  (окуучулар: Муктарбеков Чынгыз, Шаасанова Раяна, Жаныбекова Саулетта, Болотбекова Аяна, Жылкычиева Т) I даражадагы диплом, Жан-Булак айылындагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин мугалими Турдумамбетова Айжан жетектеген  «Эдельвейс» командасы (окуучулар: Рысбеков Жантөрө, Русланов Азирет, Таабалдиева Айшоола, Дөөткулова Айсанат, Орозалиева Асема) II даражадагы диплом,8-март айылындагы  Мурат Осмонов атындагы орто мектебинин Күмөналиев  Токтобек жетектеген «Нурдан» командасы (окуучулар: Алымбекова Жамила, Сопубекова Назик, Семетеева Дилназ, Шерипова Санрабига,  Зарылбекова Айжаркын) III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

Бул иш-чара жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошту.

Жооп калтыруу