2023-жылдын 25-сентябрында Нарын районуна караштуу Эмгекчил айлындагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинде Көбүкеев Махмуд Асекович атындагы кичи футболдук аянтча уулу Эдил Махмудович жана иниси Төлөбек Асековичтин демөөрчүлүгү менен 3 млн сомго бүткөрүлүп, ачылышы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ачылышка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуриддин Султанович Мадимаров,Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Анара Орозказиевна,Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна жана айылдын аксакалдары катышып куттуктоо сөздөрүн айтышты