«Инновацияны жайылтуу-ийгиликтин башаты» деген темада семинар өткөрүлдү.

«Инновацияны жайылтуу-ийгиликтин башаты» деген темада  семинар өткөрүлдү.

Нарын районундагы Асанбек Табалдиев атындагы  орто мектебинде  райондун мектеп жетекчилерине  жана предметтик мугалимдерге «Инновацияны жайылтуу-ийгиликтин башаты” деген темада  семинар өткөрүлдү.  Семинарда бүгүнкү күндүн талабына ылайык  санариптик технологияны натыйжалуу пайдалануу менен, атайын сайттар аркылуу   көнүгүүлөрдү, мисалдарды  иштөөсү, ошол эле учурда жоопторун алып  баалап жатканы  эң мыкты  өбөлгө  болду.  Мектеп сахнасында окуучулардын 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата ”Адабият майданындагы залкарлар”аттуу маданий иш- чарасында ,  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов  жана Алыкул Осмоновдун   өрнөктүү өмүрүнө арналган өчпөс чыгармаларынын өзөгүн камтып, балдар дүйнөсүнө  жагымдуу музыка жана  драмаларын сахналаштырып  коюлушу көпчүлүктүн алкоосуна татыды. Семинардын ийгиликтүү болушуна  Нарын районунун усулдук бөлүмдүн жетекчиси Исакова Бурулсун  эжебиздин да салымы зор экендигин белгилеп  терең ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий