КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ ДОЛБООРУ — НАРЫН РАЙОНУНДА

Билим берүү жана илим министрлигинин  алдындагы Бүткүл Дүйнөлүк Банк долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн Коомчулук менен байланыш жана жарандар менен иштөө координатор-эксперти Орозматов Акылбек Адылбекович жана социалдык маселелер боюнча координатор-эксперт Эркинбеков Талант Жанышевич келип «КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН БИЛИМ БЕРҮҮ» долбоору тууралуу кеңири маалымат берип кетти.

Жыйынга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гулбарчын Исакова, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Анара Орозказиева, айыл өкмөт башчылар, мектеп, бала бакча директорлору катышты. Долбоорго Нарын районунан 18 мектеп, бала бакча, Нарын шаарынан 5 мектеп кирген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Дүйнөлүк Банктын» каржылык колдоосу менен билим берүү жаатындагы масштабдуу долбоорду баштады.

Долбоор мектепке чейинки билим берүү программасын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын, тарбиячылар менен мугалимдердин санариптик көндүмдөрүн, кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган. «Келечек үчүн билим берүү» долбоору эки багыттан турат: негизги жана ишке ашырууну колдоо багыты. Негизги компонентте мектепке даярдыкты жана мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик технологиялар аркылуу окутууну колдоо жана билимди баалоонуу өркүндөтүү багыттары боюнча иш алып барылат.

Мектепке даярдыкты жогорулатуу 2019-жылга карата алынган расмий эсепте Кыргызстандагы 3-5 жаштагы балдардын 26 пайызы гана мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган. Абалды жакшыртуу үчүн долбоордун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачылат. Алар аркылуу 40 миң баланы эрте өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Жаңыча форматтагы бул мекемелер бала бакча жетишсиз же камтуу төмөн, алыскы, дотацияда болгон жана тоолуу аймактарда, чек ара айылдарында, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачылат.

Азыркы учурда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Мекемелердин алгачкылары 2022-жылы пайдаланууга берилет.

Долбоордун жүрүшүндөмМугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу долбоордун алкагында бир катар билим берүү тренингдери өткөрүлөт, алардын максаты – балдарды окууга даярдоо аркылуу окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүгүн жана сабакта натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү. Мугалимдер окуучулардын илгерилөөсүн өлчөй ала турган маалыматтарды чогултуп, окуу процессин туура пландап жөндөп алууга, окутуу жана билим алуу үчүн керектүү ресурстарды жана материалдарды пайдаланууга үйрөнүшөт.

Бардык окутуу программалары учурдагы мугалимдерди даярдоо жана окутуу тутумдарына (баштапкы окутуу жана үзгүлтүксүз билим берүү) киргизилет. Долбоор Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту жана анын 6 аймактык филиалында эмгектенген инструкторлордун жана ошондой эле колледждердин мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу иш-чараларын каржылайт.

 

Маалыматты даярдаган: Элизат Мендибаева – Чет – Нура бала бакчасынын директору

Добавить комментарий