Нарын районуна караштуу Капар Кучуков атындагы башталгыч мектебинде 2024-жылдын 6-мартында «Китептер-акылмандыкты арбыткан шайман.» аттуу «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында ороондук семинар уюштурулуп, райондук билим беруу болумунун башчысы, методистер жана Чет-Нура ороонундогу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери жана директорлору ошондой эле Ак-Булун айылынын айыл башчысы Аликов Б келип катышышты. Семинардын темасында белгиленгендей «Окуу керемет!» долбоорунан балдар учун 2000 китеп менен камсыз болуп, окуучуларды, ата-энелерди жана коомчулукту китеп окууга шыктандыруу максатында уюшулган семинар жогорку денгээлде откорулду. Семинарга катышкан мугалимдер метод алмашуу максатында келип, жакшы каалоо тилектерин жана сын пикир, сунуштарын белгилеп кетишти.
Семинардын ачылышын мектептин убактылуу жетекчиси У. Шаршембиев ачып, окуучулар тарабынан даярдалган чакан салтанаттуу иш чара менен башталды.
Семинарда башталгыч класстарда ачык сабактар жана тарбиялык саатар уюштурулду.
Ачык сабактарда «Окуу керемет!» долбоорунун стратегиялары жана дифференцияланган окутуу боюнча 1-класска орус тили сабагынан «Буква В-З», 2-класска математика сабагынан «тушундуруу жана негиздоо» стратегиясы боюнча, 3-класска божомолдоо стратегиясы жана баалоонун турлору боюнча сабактар отулду.
Дене тарбия сабагынын мугалими семинарга келген конокторго «Дендин сагы, пейилдин агы» аттуу шамдагайлар оюнун уюштуруп, ар бир катышуучуга белектерин ыйгарды. .
«Ата-энелер мектеби» программасы бонча «Уй-булоолук убакыт» келген коноктор менен биргеликте жана ата-энелер, балдар менен сахналаштырылып сабак уюштурулду, ал эми «Окуу керемет!» долбоору боюнча «Атам, апам жана мен-окурман уй-булообуз!» аталышында ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте конкурс сабак откорулуп, ата-энелер жана окуучулар мактоо баракчалары жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.
Бул иш чара НТРКсы тарабынан тартылып, телевидениеге жана социалдык тармактарга чагылдырылды.
Нравится
Комментировать
Поделиться