Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, ылайыкташуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, азык — түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

     Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын 3-декадасында Нарын районундагы Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектебинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондусу тарабынан демилгеленген «Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, ылайыкташуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, азык — түлүк коопсуздугун камсыз кылуу» долбоорунун алкагында уюштурулган ойлоп табуучулук жана сүрөт тартуу боюнча кароо- сынак уюштурулуп, сынакка Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектептин окуучулары жана Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектептин окуучулары ата- энелери менен катышып, жыйынтыгында долбоордун уюштуруучулары тарабынан 40 000 сом бөлүнүп, 1- орунду Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектептин 8- классынын окуучусу Тилеков Даниел ээлеп 20000 сом, 2- орунду Жекшенбек Мамбетов атындагы орто мектептин 9- классынын окуучусу Токтоболот уулу Алымбек 10000 сом, 3- орунду Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин 6- классынын окуучусу Арнуралиев Азирет 10000 сом акчалай сыйлыкка жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин дипломуна ээ болушту. Ал эми калган катышуучулар дагы Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы, айыл өкмөттүн грамотасы жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

     Демөөрчүлүк кылган долбоордун жетекчилигине, Айылдык кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнө жана мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

Алена Калназарова

Жекшенбек Мамбетов атындагы

орто мектебинин директору

 

Добавить комментарий