“КООМЧУЛУКТУ КОЛДОО”ДОЛБООРУ

2023-жылдын 6-октябрында Нарын районуна караштуу Куланак айлындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасындагы “Коомчулукту колдоо” долбоору ишке ашырылды.Бул долбоорду мектепте англис тили сабагын окуткан волонтер Женнифер  коомчулук менен бирдикте муктаждыктарды аныктап,мектеп менен бирдикте сметасын түзүп долбоор жазып өткөргөн.Долбоор “Тынчтык корпусу” тарабынанан колдоого алынып Учкун айыл өкмөтү жана мектеп кызматкерлери тарабынанан 1млн 370 миңге мектептин жер төлөөсүндө күрөш ,фитнес ,окуу залдары ,англис тили ,кол эмгек кабинеттери  ачылып  адабий китептери менен камсыздалды.

          Ачылышка Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун Программа жана Тренинг бөлүмүнүн директору Райан Монро, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна,Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүрзаков Эркин Муслимович катышып  кутуктоо сөздөрүн айтышты

Добавить комментарий