Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучулары Сумая Темирбекова жана Нурайым Кадырова айылдан Нарын шаарына барып бий ийриминен билим алышат.
Кыздардын бий ийримине катышуусу алардын каалоосу болгон. Ата-энелери тарабынан кыздарга колдоо көрсөтүлүп, учурда Нарын шаарындагы “Ай-Тумар” бий ансаблинде бийлеп келишет.
Сумая Темирбекованын апасы Чынара Абдуманап кызы кызынын бийге болгон кызыгуусун байкап бий ийримине жаздырган.
“Мен кызымдын бийге шыктуу экенин 7 жашка келгенде көрдүм. Атасы да байкап кызыбызды бийге катыштырбайлыбы деп сунуш киргизип калды. Сумаянын да кызыгуусу бар болгондуктан, ал дароо макул болду. Биз Нарын шаарындагы бий ийримине жаздырып, алып барып келип жаттык. Ал жактан ар турдүү бийлерди үйрөнүп, сынактарга да катышып жатат. Балким хоббиси кийин кесипке айланабы деген ой менен да алып бардык”,-дейт апасы.
Ал эми Нурайым Темирбекова Сумаянын жакын курбусу. Ал дос кызынын бийге катышып жатканын көрүп, катышууну каалаган. Кызынын сунушун колдоп Нурайымдын ата-энеси да Сумая менен бирге бий ийримине катыштыра баштаган.
Кыздарды айылдан шаарга алып барып келүүдө бир аз кыйынчылыктар тууралуу Нурайымдын апасы Мээрим Султанова төмөнкүлөрдү билдирди:
“Биз чоң жолдун боюнда болгондуктан көбүнчө жол тосуп барып келе беребиз. Кыздарды Нарын шаарына алып барып келүүдө кээде жеңил болсо, кедээ кыйын болуп калат. Себеби, күн суук болуп, жаан жаап калган учурларда машина чыкпай калат. Бирок ага карабастан убагында жеткирүүгө аракет кылабыз. Биз Сумаянын ата-энеси менен биргелешип, ынтымакташып кезек-кезеги менен алып барып турабыз. Кыздарыбыздын келечеги биз үчүн маанилүү”.
Кыздар ноябрь айында Бишкек шаарында өтүлгөн “Аалам” III республикалык чемпионатында “Ай-Тумар” бий ансамбли менен экинчи орунду ээлешти.
Кыздардын бул жетишкендиктерине кубанган жакындары мындан ары дагы кыйынчылыктарга карабастан Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинен билим алуусуна шарт түзүп берүүнү пландап жатышкандыгын айтышат.
“Келечекте бир эле бий менен чектелбестен кыздарды вокалга да алып барууну пландап жатабыз. Айыл жергесинде мындай мүмкүнчүлүк шаарга караганда жокко эсе. Азыркы учурда балдардын билим алуусуна, шык-жөндөмдөрүн арттырууга, убакытты туура пайдаланууга маани беришибиз керек. Балдарга колдоо көрсөтүү менен алардын ийгиликке жетишүүсүнө өбөлгө болууну каалайбыз!”-дейт Чынара Абдуманап кызы.
Акылай Алмазбекова
Усупбекстан медиаборборунун жетекчиси,
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби