2022-жылдын 5-мартында Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде райондук «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка 32 мектептен келген 44 топ катышты. Сынактын жыйынтыгы менен облустук таймашка М.Иманалиев атындагы орто мектебинин «Нуска»,Э.Токсобаев атындагы орто мектебинин «Дил баян, Б.Кыязов атындагы орто мектебинин «Ой жайлоо»,»Азирет», Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Таберик»,К.Абиров атындагы орто мектебинин «Нуска», топтору жолдомо алышты. «Манас» эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймаш,окуучуларыбызды жарандык атуулдукка, патриоттуулук сезимдерин жогорулатып,биримдикке, балдардын тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүсүнө өбөлгө түзүп , катышкан окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. «Манас таануу» интеллектуалдык таймашка 10 жылдан бери райондун мектептери активдүү катышып, Республикалык кароо-сынакта баш байгеге,1,2,3-орундарды камсыз кылып келишет. «Манас» эпосун окутууда КТРКнын «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын редактору, манасчы Нурбек Талантбековго жана анын уюштуруу тобуна, усулдук кабинетке, даярдык көргөн мугалимдерибизге эмгектери чоң экендигин белгилеп,терең ыраазычылык билдиребиз.
Рубрики
Архивы
- Май 2024
- Апрель 2024
- Январь 2024
- Декабрь 2023
- Октябрь 2023
- Сентябрь 2023
- Август 2023
- Июль 2023
- Июнь 2023
- Май 2023
- Апрель 2023
- Март 2023
- Февраль 2023
- Январь 2023
- Декабрь 2022
- Ноябрь 2022
- Октябрь 2022
- Сентябрь 2022
- Июль 2022
- Май 2022
- Март 2022
- Февраль 2022
- Январь 2022
- Декабрь 2021
- Ноябрь 2021
- Октябрь 2021
- Сентябрь 2021
- Март 2020
- Февраль 2020