Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана жаш манасчылар кароо-сынагы 2025-жылдын 2-мартында Нарын районундагы Куйбышев айылындагы Асанкул Осмонов атындагы маданият үйүндө болуп өттү.Кароо-сынакка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна , Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гулбарчын Бейманжановна, усулдук кабинеттин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна , Манас театрынын директорунун орун басары Муса уулу Төлөбек катышты.
Таймашка Нарын районунун мектептеринен жалпы 28 мектептен 41 команда катышты, ал эми жаш манасчылар кароо-сынагында 26 окуучу өз өнөрүн көрсөттү. Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгы:
1-орун – “Алтай” тобу (Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби, жетекчиси: Мусабекова Гүлжан).
2-орун – “Көйкашка” тобу (Марат Кенжакунов атындагы орто мектеби, жетекчиси: Акишева Света).
3-орун – “Таберик” жана “Осуят” тобу (Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектеби, жетекчиси: Жусуп кызы Мээрим жана Баймоңол Кыязов атындагы орто мектеби, жетекчиси: Калиязова Гүлнур).
Жаш манасчылар кароо-сынагынын жыйынтыгы:
1-орун – Үсөнкулов Алишер (Актан Тыныбек атындагы орто мектеби).
2-орун – Бейшебаева Роза (Муса Байдөлөтов атындагы орто мектеби).
3-орун – Кенжебеков Алишер (Марат Кенжакунов атындагы орто мектеби) жана Кабылбеков Кутман (Омор уулу Кожоке атындагы орто мектеби).
Сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, облустук турга жолдомо алышты.
“Манас” эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймаш,окуучуларыбызды жарандык атуулдукка, патриоттуулук сезимдерин жогорулатып,биримдикке, балдардын тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүсүнө өбөлгө түзүп , катышкан окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. “Манас таануу” интеллектуалдык таймашка бардык мектептер активдүү катышып, Республикалык кароо-сынакта баш байгеге,1,2,3-орундарды камсыз кылып келишет. “Манас” театрынын директорунун орун басары Муса уулуТөлөбек жана анын уюштуруу тобуна, усулдук кабинетке, даярдык көргөн Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына , эмгектери чоң экендигин белгилеп,терең ыраазычылык билдиребиз.