«МАНАС ТААНУУ» СЫНАГЫ _ НАРЫН РАЙОНУНДА

2023 -жылдын 4-мартында Нарын районунун Жерге -Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде райондук «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашы болуп өттү. Таймашка 31 мектептен келген 50 топ катышты.

 

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орун М.Иманалиев атындагы орто мектебинин «Нуска» тобу, 2-орун Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин «Көйкашка» тобуна, 3-орун Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин «Улуу мурас” тобуна ыйгарылды.

 

«Манас» эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймаш,окуучуларыбызды жарандык атуулдукка, патриоттуулук сезимдерин жогорулатып, биримдикке, балдардын тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүсүнө өбөлгө түзүп, катышкан окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Ал эми Жаш манасчылар арасындагы кароо сынакта ; 1-орун Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин окуучусу Үсөнкулов Алишерге, 2-орун Достук орто мектебинин окуучусу Керезбеков Даниелге, 3-орун Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин окуучусу Барктабай уулу Акдилдер камсыз кылышты.

«Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашында А.Табалдиев,Актан Тыныбек,Түгөл уулу Усупбек, Ж.Иманалиев, К.Абиров, Ө.Токтосунов, М.Мамбетов, А.Аралбаев, Э.Токсобаев, Достук, А.Жутакеев, Керимбай уулу Сарыбай, М.Осмонов, М.Байдөлөтов, Б.Кыязов, К.Рысмендиев атындагы орто мектептери да жогорку упайларды топтоп мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты.

«Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын уюштуруу Нурбек Талантбеков баштаган таймаштын уюштуруу тобуна, уюштурууга активдүү катышкан Нарын районунун билим берүү кызматкерлерине, мугалимдерибизге жана Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин директору Абдиев Абай жана жалпы мектептин эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

Сабира Сыдыкбаева

Бөлүмдүн усулчусу

Добавить комментарий