2022-жылдын 14-декабрь күнү Нарын облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборунда Нарын районундагы мектептердин жетекчилери үчүн «САБАТТУУ ИШ КАГАЗДАР — КООПСУЗ БАШКАРУУГА ӨБӨЛГӨ» аттуу семинар болуп өттү. Аталган семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 — токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамадагы талаптардын аткарылышы, иш кагаздарды электрондоштуруу, иш кагаздарды жүргүзүүдө электрондук платформаларды пайдалануу ыкмалары көрсөтүлүп берилди.
Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен усулчу Асылбеков Казыбек тарабынан өткөрүлдү. Семинардын катышуучулары Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын жана Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунун кызматкерлеринин баалуу сунуштарын ала алышты.
Нарын райондук билим берүү бөлүмү семинарды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Нарын облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунун директору Бусурманкулова Жаңылга жана жалпы эмгек жамаатына, техникалык колдоосу үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебине терең ыраазычылык билдиребиз!