24- май күнү Нарын районундагы Д.Мамбетов атындагы орто мектебинде «2023- жылдын — Мыктылары» аныкталды. Мыкты деп аталган 42 окуучу, ата- эне, класс жетекчиси менен кызыл килемден өтүштү. Сыйлыкка татыктуу болгон окуучуларга мектептин грамотасы, ата- энелерге ыраазычылык кат тапшырылып, » Турсунбаев Асаналы» атындагы стипендияга 10 окуучу 1000 сомдон, «Дастан» атындагы стипендияга 1000 сомдон 3 окуучу ээ болушту.
Мындан сырткары тышкары предметин мыкты өздөштүргөн эже- агайлар стипендия, грамота, дипломдорун окуучуларына ыйгарышты. Андан тышкары «Жылдын мыкты 15 окуучусу» сынагы жыйынтыкталып, эң көп китеп окуган 15 окуучу, үлгүлүү жүрүш — турушу, окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы жана «Менин Кыргызстанга кошкон салымым» деген темада жазылган дил баяндары боюнча аныкталды. Жыл башынан бери мектеп президенти Муканбетова Акбермет тарабынан уюштурулган «Китепсиз дүйнө — жапайы дүйнө» аталыштагы китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. 15 окуучу алдыңкы орундарга ээ болуп грамоталар жана белектер менен сыйланышты. » Окурман класс » номинациясы 8″б»- класска ыйгарылды. Конкурска демөөрчүлүк кылган Асаналиев Болот, Аалиев Орозобек,Улан Усеин агаларыбызга ыраазычылык билдиребиз.