Мен канткенде мекениме салымымды кошо алам!

Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюштурулган  2023-жылдын 24-апрелиндеги Зордук зомбулукту кылмыштуулукту алдын алуу максатында “Мен канткенде мекениме салымымды кошо алам”, “Улуттук нарк-улуттук билим” аталышындагы иш чара Нарын райондук Муса Баетов атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.

Майрамдык иш чарага “Позитивдүү улан кыздар” конкурсунун жеңүүчүлөрү 8 команда катышты. Тапшырмага ылайык китептеги чыгармалардын негизинде окуучулар тарабынан сценкалар даярдалган.

  1. Э.Токсобаев мектеби “Ч.Айтматовдун чыгармалары”
  2. М.Бекмуратов мектеби “Ар улуттун саламдашуусу”
  3. Ж.Иманалиев мектеби “Табият менен таттуу мамиледе болуу”
  4. М.Иманалиев мектеби “Эне мектеби”
  5. Керимбай уулу Сарыбай мектеби “Дастаркон четиндеги тарбиялоо”
  6. Ө.Токтосунов мектеби “Бактылуу үй бүлөдө ийгиликтүү балдар өсөт”
  7. С.Мамбетов мектеби “Урпактарга улуу сабак”
  8. М.Байдөөлөтов мектеби “Биз жана биздин келечек” аталышындагы тарбиялык маанини камтыган  сценкалар даярдашып көргөзүп, иш чара   мектеп окуучуларынын ыр бийлери менен коштолду.

Калыстар тобунун жыйынтыгынын негизинде 3 команда алдыга чыгып   Э.Токсобаев мектеби 1-орунга, С.Мамбетов мектеби 2-орунга, Ж.Иманалиев мектеби 3-орунга ээ болушуп 28-апрелде өтүлүүчү “Автордук укук жана китеп” күнүнүнө карата   майрамдык иш чарага катышуу укугун алышты. Жеңүүчүлөр жана катышуучулар адабий китептер жана сыйлуу белектер менен сыйланышты.

Аталган иш чарага активдүү катышкан ар бир командага, даярдаган мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Мааылматты даярдаган Абыкеева Рыскүл

Добавить комментарий