МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  “Улуттук нарк жөнүндө”  жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү  жана дене тарбия жөнүндө”  Концепцияны ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү,  «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!»   аймактар аралык сынагынын Нарын райондук туру  10-март 2023-жылы М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө өткөрүлдү.  Нарын району боюнча  жалпы  84 окуучу кароо-сынакка келишкен. Нарын районуна караштуу  34 мектептен,   18 мектеп эле  бул кароого катышкан.

Ал эми обулустук тур 12-апрель 2023-жылы  Нарын обулустук билим берүү борборунда өттү. Бул кароо-сынакка  Нарын обулусу боюнча жалпы 212 окуучу катышты.  Нарын районунун атынан  4 номинация боюнча жалпы 36 окуучу катышты.

  1. “Вокал”- 9 окуучу
  2. “Хореография” — 9 окуучу
  3. “Көркөм сүрөт” — 9 окуучу
  4. “Улуттук аспапта ойноо” — 9 окуучу

Облустук турда эки окуучу байгелүү 2-орунга ээ болушту. Алар,  Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучусу Курманбеков Нурислам “Вокал” номинациясы боюнча, ал эми  Р.Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучусу Эрланова Алия “Хореография” номинациясы боюнча сынакта мыкты деп табылып, сыйлыктар менен сыйланышты.

Окуучулардын ийгилик жаратышына себепкер болгон окуучулардын ата-энелерине жана даярдаган мугалимдерине, мектеп жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган «Өрнөк» балдардын чыгармачыл борбору

 

Добавить комментарий