Нарын облусундагы окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында жалпы билим берүүчү мектептерде түзүлгөн «Милициянын жаш жардамчысы»отряддарынын арасында өткөрүлүүчү кароо- сынактын райондук туру Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинде 2023- жылдын 3-февралда болуп өттү.
Кароо -сынак, жаштарды түз жолго тарбиялоого жана балдар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында өткөрүлүп, өзүнө төмөнкү милдеттерди коет:
-балдардын укуктук билимин жогорулатуу;
-билим берүү мекемелеринде укук,тартип сактоо;
-балдарды чынчылдыкка,калыстыкка принципиалдуулукка тарбиялоо
-балдар арасында наркотикалык заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү фактылары менен күрөшүү;
-сабактан себепсиз көп калтырган окуучулар менен иштөө.
-окуучуларды бош убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүү.
Кароо- сынакка Нарын районуна караштуу мектептердин арасында 10-команда ат салышып, төмөнкү тапшырмаларды аткарышты.
1.Өзүллөрүн таныштыруу, сап менен басуу.
2.Дубал газета жактоо
3.Темага байланыштуу ценка
4.Темага байланыштуу видеоролик
5.Милиция жөнүндө обондуу ырлар.
Жыйынтыгында:
1.Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин»Биримдик» командасы 1- орун
2.Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин «Эдельвейс» командасы 2-орун
3.Мурат Осмонов атындагы орто мектебинин «Жаш канат» командасы 3- орунга ээ болуп грамота,белектер менен сыйланышты.
Нарын райондук билим берүү бөлүмү — иш чараны уюштуруп, өсүп келе жаткан муундардын жаркын келечеги үчүн кам көрүп жаткан Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө, иш чараны өткөрүүдө базалык колдоосу үчүн Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына жана жетекчилигине, иш чарага активдүү катышкан 10 мектептин жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз!