Мин-Булак айылында семинар өтүлдү

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин иш планына ылайык 2024-жылдын 26-ноябрында Нарын районуна караштуу Т.Байсалов атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна , Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинетинин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна жана райондук мектептердин директорлору,мугалимдери келип катышты. Семинардын темасы: Мектепте инновациялык билим берүү технологиялары жана STEM билим берүүнүн негиздери. Өтүлгөн семинардын максаты: Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн,чыгармачылыгын өстүрүү менен көйгөйдү чечүү жана алган билимин турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү. Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекитилген концепциясы тааныштырылып, 12 жылдык билим берүү системасы боюнча директорлорго тренинг өтүлдү. “Окуу керемет” долбоору боюнча математика сабагынан “Түшүндүрүү жана негиздөө” стратегиясы, “Моделдердин көптүгү” боюнча ачык сабак өтүлүп, сабакта моделдөө технологиясы колдонулду. Ошондой эле STEM технологиялары менен мугалимдер ачык сабактарды жана тарбиялык сааттарды өтүштү. Мугалимдердин семинарга болгон даярдыгынын жакшы көрсөткүчү келген мугалимдердин берген анализдеринен көрүнүп турду. Семинардын катышуучулары долбоордук иш, STEM сабактар, “Алтын түйүн” кружогунун иштери жана “Ата-энелер” мектебинин жүргүзүп жаткан иштери менен таанышышты. Натыйжада келген мугалимдер жаңы билимдерге ээ болуп, тажрыйбаларды топтой алышты.

Жооп калтыруу