МИНИСТРДИН ТЕҢИР ТООГО ЖЕМИШТҮҮ САПАРЫ!

     2023-жылдын 10-12-май күндөрү Билим берүү жана илим министринин эки күндүк иш сапары болду.

Иш сапар Нарын облусундагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин директорлору  үчүн маалыматтык семинар менен коштолду. Ал үчүн республикадагы алдыңкы педагогдор, билим берүү тармагына тиешелүү адистер жетекчилердин суроолоруна жооп берди.

Министр мындан сырткары Нарын шаарындагы мектептерди, Нарын мамлекеттик университетин, Борбордук Азия Университетине барып, студенттерге лекция окуду.

12-күнү иш сапары Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде жыйынтыкталды. Иш чарага Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Касымбек Мамытов, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, «Мектептер 2030» долбоорунун консультанты  Илмира Шерматова келишти.

Келген меймандарды Аида Эгембердиева жетектеген»Жаш таланттар» ийриминин окуучулары тосуп алышты.

Мектеп окуучуларын «Манас таануу» интеллектуалдык сынактарга даярдап келген Гүлжан Мусабекова окуучулары менен биргеликте «Манас» эпосундагы медицина тууралуу презентация кылышты.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырып келген Гүлзада Жангазиева жетектеген «Чебер колдор» интеграцияланган ийрими келген меймандарга керектөөдөн чыккан кездемелерден пано жасап көрсөтө алышты.

Жоопкерчиликтүү керектөө айлампасын ишке ашырууда мектепте «Жаш архитекторлор» интеграцияланган ийрими да өз салымын  кошуп келет. Стол, парта, стул  8-9-10-класстын окуучуларынын жасап жаткандыгы меймандарды кайдыгер калтырган жок.

«Мектептер 2030» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иш аракеттерди бири бул мектепте «Сарамжал-студент» тез татымынын ачылышы. Тез татымда окуучулар үчүн натуралдуу, пайдалуу тамак-аштары жасалат. Алгачкы кардар болуп Каныбек Иманалиев бир нече тамак-аштын түрүн сатып алды.

«Усупбекстан» медиа борборунун кабарчылары өзүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышты. Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов бүгүнкү иш-чара боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

«Эң негизгиси мектепте мыкты иш чараларды уюштурулуптур. Бүгүнкү күндө билим сапаты көтөрөйүн деген окуучуларды чыгармачылыкка тарбиялап, бул миссияны эң жакшы деңгээлде аткарып жатыптырсыңар. Келечек ар тараптан өнүккөн чыгармачыл, мыкты, интеллектуалдык билими бийик жаштардын колунда. Сиздердин ийгиликтериңерди көрүп, Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович да ыраазы болуп кетти.»

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Мирбек Абыловго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри эки компьютердик класс ачуу сертификатын тапшырды. Ошону менен катар «Манас таануу» интерграцияланган ийриминин жетекчиси Гүлжан Мусабековага, ийрим мүчөлөрү Акбермет Руслан кызына, Айдеми Асановага, Таазим Шайымкуловага, «Чебер колдор» ийриминин мүчөсү Аяна Медербековага, «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбековага жана жаш кабарчы Гулнара Кенжеш кызына жайкы лагерге жолдомо тапшырды.

     Нарын мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Анара Орозказиева иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн баса белгилейт:
«Бүгүнкү иш-чара мыкты деңгээлде өттү. Райондун ичинен жалгыз Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектепке министр келип кетти. Мектепке 2 компьютердик класс берилди. Иш-чарага мыкты катышкан окуучуларга Ысык-Көлгө жолдомо берилди. Көп жылдан бери «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына катышып, байгелүү орундарды камсыз кылган, үзүрлүү эмгектери үчүн Мусабекова Гулжан эжекени мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо болду. Жогорудагы айтылган сөздөрдүн баары аткарылат деген ишеничтемин».
     Иш чараны жогорку деңгээлде уюштурган мектептин эмгек жамаатына, окуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!

Баяна Кадырбекова — «Усупбекстан медиа борбору»

Добавить комментарий