Нарын районунда -Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди
2025-жылдын 7-октябрында Нарын районунда Мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди. Иш-чара Нарын райондук маданият үйүндө өтүп, ага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук администрациясынын башчысы акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Кыргыз элинин Ассамблеясынын Нарын облусу боюнча өкүлү А. Абдыкеримова, Нарын РИИБнин башчысынын орун басары М. Султаналиева, Нарын райондук профсоюз федерациясынын төрагасы А. Исмаилов, агартуу тармагынын ардагерлери жана билим берүү кызматкерлери катышышты.
Салтанатта аким Нуридин Султанович кесип ээлерин куттуктап, мугалимдердин коомдогу ордун жана эмгегин жогору баалады. Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында жогорку жетишкендиктерге жетишкен мугалимдерге, тарбиячыларга Нарын райондук администрациясынын Ардак грамоталары, сертификаттар, баалуу белектер, ошондой эле «Эл агартуунун отличниги» төш белгилери жана Агартуу министрлигинин, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Ошондой эле чакырылган коноктор жана айыл өкмөт башчылары тарабынан да мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган куттуктоо сөздөр айтылып, алардын талыкпай эмгектенген аракети жогору бааланды.
Майрамдык салтанатты Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүнүн артисттери шаңга бөлөштү.
Ардактуу кесип ээлери майрамыңыздар кут болсун! Эмгегиңиздер элге билим, жаш муундарга келечек тартуулай берет!









