МУГАЛИМДИН ӨБӨГҮ-БИЛИМ, ЖӨЛӨГҮ-ТАЖРЫЙБА

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата, КР президентинин жарлыгына ылайык «Улуттук нарк» боюнча жана ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга райондук мектеп жетекчилери жана башталгыч класстын мугалимдери, ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунун координатору Айжаркын Жунусакунова, НРБББнын усулдук кабинетинин жетекчиси Бурулсун Исакова катышты.

Семинар, мугалимдердин кесипкөйлүк сапатын жана өз ишине болгон ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында өтүлүп, төрт бөлүктү камтыды.
1. «Жазылган нерсе сакталат, окулган нерсе жашап кетет» көрсөтмөлүү ачык сабактар
-Алиппе сабагынан 1-класска «Арстан менен коён» деген темада А.Жумабекова.
-Математика сабагынан 2-класска Мисал, маселе иштөө, Ч.Байгазиева.
-Адибий окуу сабагынан 4-класска «Акылдуу дыйкан» деген темада К.Чокубаева.
-Математика сабагынан 5-б класска «Проценттин санын табуу» деген темада И.Исмаилова.
-Англис тили сабагынан 8-класска «Your amazing baby» деген темада Г.Моютова.
-Физика сабагынан 9-класска «Кометалар, астероиддер жана метеориттер» деген темада Б.Стамбекова көрсөтмөлүү ачык сабактарды өтүштү.

2. «Уксам-унутам, көрсөм-эстеп калам, жасасам-түшүнөм» класстан тышкаркы иш чаралар:
-«Изилдөө долбоору» 6-класска А.Аманкулова жана А.Кубанычбекова.
-«Окуу клубу» 3-класска К.Азыкова жана Г.Жумабекова.
-«Фин чилистен» 5-класска М.Дуйшоналиева жана Ж.Рыскулбек кызы
-«Акыл ордо» келген мугалим эжей-агайлардын катышуусунда Ы.Дуйшеева.
-«Максаттарды пландаштыруу» 7-класска А.Бакытбек кызы класстык саат өттү.
Өткөрүлгөн класстан тышкаркы иш-чараларга ата-энелерибиз да активдүү катышып беришти.

3. «Сен китепти ачсаң, китеп дагы сени ачат» деген темада китептер көргөзмөсү, окуу залына саякат мектеп парламенти тарабынан жана китепканачы Г.Жумаева, тарых мугалими А.Кубанычбекова тарабынан уюштурулду.

4. «Улутубуздун уюткусу-салтыбызда, акылыбыздын ачкычы-китепте» деген аталышта маданий иш-чараны М.Абдыраева жетектеп уюштуруп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.

Семинарга келген мугалимдер иш-чарадан эң жакшы маалыматтарды алып, алдыңкы тажрыйбалар жайылтылат деп ишенебиз.
Андан сырткары «Окуу керемет» долбоорунун координатору катышуучуларга тренинг өтүп, семинардын аягында тегерек стол өткөрүлүп, катышуучулар менен бирдикте тажрыйбалар менен бөлүшүп, алдыдагы келе жаткан PISA-2025 Эл аралык изилдөө боюнча талкуу жүргүзүлдү.

     Семинардыжогорку деңгээлде өткөнгдүгү жетекчилиги жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

үчүн мектеп

Добавить комментарий