2023-жылдын 25 — апрелинде Мурат Осмонов атындагы орто мектебинде » Изденип иштөө ийгиликтин башаты» ураанынын алдында » Предметтерди окутууда окуучулардын турмуштук маанилүү көндүмдөрүн калыптандыруу » темасында өрөөндүк семинар болду. Семинарга райондогу Эмгекчил өрөөнүнүн мугалимдери, мектеп жетекчилери катышышты.
Семинардын ачылышында мектептин директору Р.Нурдөөлөтова жетишкен ийгиликтер, тартылган демөөрчүлөр, жалпы эле мектеп жөнүндө баяндама жасап, 1- класстын окуучулары келген меймандарды куттукташты.
Семинарда катышуучулар Г.Бугубаева, А.Абдыкеева, Д.Жунусова, Р.Осмонов, Г.Раимова, Ч.Акуноваларды үлгүлүү ачык сабактарына, ал эми «Окуу керемет» , усулдук кенештин жетекчиси З.Мамбетова — «PISA га даярдык » жана сүрөт сабагынын мугалими Т.Күмөналиев жетектеген»Жаш чеберлер» ийриминин көргөзмөсү уюшулган. Мындан сырткары «Санарип мугалим — замандын талабы» темасында — Г .Эсенбекова, «ЖРТга даярдануу- келечекти куруунун кадамы» темасында — Г.Алишерова, «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз» темасында -Г.Токсунбаева, «Химияны окуп, үйрөнүүдө STEMдик мамиле» темасында — Р Сыдыкованын усулдук тренингдерине күбө болуу менен «Улуттук нарк- насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат» аталышында иш- чараларга катышышты.
Иш чара мыкты деңгээлде өтүлүп, мектеп жетекчилигинин окуучуларга түзүп берген шарттары, тартылган инвестицияларына көрө алышты.
Нарын райондук билим берүү бөлүмү мектептин жетекчилигине жана жалпы жамаатка ийгилик каалап, терең ыраазычылык билдирет.
Семинарда усулдук тренинг өткөн Эсенбекова Гүлжандын планын бул жактан көрө аласыз.
Санарип мугалим-замандын талабы!
Нарын райондук билим берүү бөлүмү