2022-жылдын 27-январында Нарын облустук балдардын билим берүү борбору тарабынан өткөрүлгөн окуучулардын облустук “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгына”карата илимий техникалык олимпиадасы өткөрүлүп, Нарын районунун мектептеринен жалпы он команда катышты.
Иш чаранын максаты –окуучуларды илимге, өндүрүш жана инновациялык ишмердүүлүккө тартуу, чыгармачылыгын өнүктүрүү, жөндөмдүү балдарга колдоо көрсөтүү .
Кароо-сынак командалык болуп, 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышышты.
Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин “Жаш техниктер”командасы 1-орунду,Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин окуучулары 2-орунду камсыз кылышып, 1-орунду алган команда республикалык кароо сынакка жолдомо алышты.