2022-жылдын 17-октябрь күнү Нарын районундагы Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебинин базасында Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган география мугалимдери үчүн «Билим сапаты – көп маалымат билүү эмес — МААЛЫМАТТЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУ» аталышында семинар болуп өттү. Семинар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Мугалимдерге жогорку деңгээлдеги суроолорду түзүү жана анын билим берүүдөгү ролун баса белгилеген семинарга Нарын районундагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери катышты. Семинардын жүрүшүндө мугалимдер жогорку деңгээдеги суроолор, аларды түзүүнүн жол жоболору, мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүндө кадимки телефондогу айрым кызматтар көрсөтүлүп, мугалимдер практикалык иштерди аткарышты. Семинардын аягында Нарын району боюнча география сабагынан тесттик база түзүү чечими кабыл алынды.
Аталган семинарда кабыл алынган чечимдер билим берүү тутумуна алгылыктуу салым кошооруна ишенебиз.
Семинарга мугалимдердин катышуусун камсыздаган мектеп жетекчилигине, семинардын өтүлүшү үчүн шарт түзүп берген Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына, техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебине, семинардын жүрүшүн иштеп чыгууга кошкон салым үчүн «БАГЫТ МММ» мугалимдердин демилгелүү тобуна терең ыраазычылык билдиребиз.