Нарын районунда 3 сааттык жаңы бала бакчалар эшигин ачты

2024-жылдын 19-декабрында Жерге-Тал айылындагы “Ак -Тилек-Тогуз булак” бала бакчасында, 20-декабрда Дөбөлу айыл өкмөтүнө караштуу “Небере-Келечеги”, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу “ Баластан 8-март” бала бакчаларында, Эмгек –Талаа айындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде “Келечек үчүн билим берүү”долбоорунун алкагында кошумча кыска мөөнөттүү 3сааттык бала бакчалар ачылды.
Ачылышка Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы Исакова Гулбарчын Бейманжановна, усулдук кабинеттин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна бөлүмдүн кызматкерлери,өрөөндүн бала бакча жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары ,айыл өкмөт башчылары жана айыл тургундары катышты.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоорунун алкагында Нарын районунда 20 объект ишке киргизилген. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар берилди.
и ещё 8

Жооп калтыруу