НАРЫН РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2023-жылдын 5-октябрында М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Таазим, сага мугалим» аталышындагы салтанаттык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова,Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Орозказиева Анара Жээнбековна , Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчымы Г.Исакова,ардагер агартуучулар, мугалимдер, тарбиячылар катышты.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Нарын районунун акими Н.Мадимаров билим берүү тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, жаш муундар үчүн талыкпай билим берип,тарбиялап келе жаткандарына таазим кылып, иштерине ийгилик каалады.
Андан соң, 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Нарын районунун билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана жетишкен ийгиликтери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы,Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты

Добавить комментарий