НАРЫН РАЙОНУНДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

            2022-жылдын 5-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Мугалимдер жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы эмгек жамааты жер жерлерге барышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн, Профсоюз уюмунун «Ардак грамоталарын» тапшырып кайтышты.

 Мындан сырткары Нарын районундагы билим берүү мекемелеринде мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш чаралар окуучулар тарабынан куттуктоолор, ардагер эже агайлар менен жолугушуу, окуучулардын өз колдору менен жасалган белектерди тапшыруу аземи менен коштолду.

  Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар бириңиздердин үй — бүлөңүздөрдө тынчтык болуп, ишиңиздерди ийгилик коштосун. Эмгегиңиздерден баар таап, окуткан окуучуларыңыздардын сыймыгы болуңуздар!

 

Добавить комментарий