НАРЫН РАЙОНУНДА ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫГЫ ИШКЕ АШЫРУУДА

“Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыкка ылайык жерлерде ишембилик өткөрүлүүдө.  

 

            Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” (World Cleanup Day) экологиялык акциясы өткөрүлүп, кеңири коомчулуктун, ЖМКлардын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аймактарды таштандылардан тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча аракеттерин бириктирүү максатында өткөрүлөт. 

            Бул жарандык акциянын алкагында массалык ишембиликтер жана агартуу иш-чаралары өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат. Мында жаратылыш аймактарын (токойлор, талаалар, көлмөлөрдүн жээктери) тазалоого басым жасалат, ал эми таштандыларды чогултууда мүмкүн болушунча таштандыларды өзүнчө чогултуу уюштурулат. Мындан сырткары акциянын уюштуруучулары жер-жерлерде агартуу акцияларын өткөрөт, таштандыларды иштетүүнүн заманбап системасын, өзүнчө чогултууну жана кайра иштетүүнү, экологиялык жашоо образын, экологияга келтирилген жеке жана коомдук таасирди азайтууну жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетишет. (president.kg сайтынан алынды)

      Ооба учурда эң орчундуу көйгөйгө айланып бара жаткан таштанды маселеси орчундуу  орунда турат. Себеби, таштанды бөлүп таштоо маданияты жок болгондуктан аны кайра иштетүүгө жарабай көйгөй жаратууда. Ата-бабаларыбыз тарабынан салт катары, ысырапкерчиликке жол бербей, ар бир артып калган, пайдаланууга жараксыз буюмдарды кайра иштетүү абдан жакшы жолго коюлган. Буга апаларыбыз кураган курак, көлдөлөң сыяктуу уникалдуу буюмдар далил. 

         Бул иш чарада Нарын районунун билим берүү мекемелери дагы четте калган жок. 8-октябрь күнү таң эртеден баштап мектеп окуучулары, мугалимдер, тарбиячылар, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери баш болгон ишембилик башталып Нарын районундагы баардык айылдарынын көчөлөрү тазаланууда. 

  Урматтуу мекендештер, кесиптештер, окуучулар ар бирибиз Президенттин жарлыгын, бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн күтүп отурбастан эле ар бирибиз кичи мекенибизди тазалап туруу биз үчүн милдет. Андан дагы жакшысы Таштандыны туш келди таштабоо болуп саналат.

        Мекенибиз таза — биз таза! Ар бирибиз тазалык үчүн салым кошолу!

Добавить комментарий