Нарын районунда Республикалык претметтик олимпиаданын II баскычы болуп өттү

2025-жылдын 18- 19-февралында Нарын районуна караштуу Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде  Республикалык предметтик олимпиаданын II баскычынын райондук туру болуп өттү.

 

Олимпиадага жалпысынан 10 предметтен, 240 окуучу катышты. Олимпиада предметтер боюнча өткөрүлүп, окуучулардын терең билимге ээ болушун, илим-билимге умтулуусун колдоого алуу максатын көздөйт. Катышуучулар үчүн бул сынак жөн гана мелдеш эмес, билимге болгон кызыгуусун арттырган чоң мүмкүнчүлүк жана окуучулардын интеллектуалдык дараметин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Окуучулардын коопсуздугу жана ден соолугунун сакталышы биринчи орунда болду. Олимпиада өтүп жаткан мектепте укук коргоо кызматкерлери тартипти камсыз кылып, ал эми медицина кызматкерлери катышуучулардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүп турду.

Олимпиада калыс жана ачык-айкын өткөрүлдү. Бардык жыйынтыктар экранга чыгарылып, катышуучулар тапшырманын жооптору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул процессти камсыз кылуу менен  ар бир окуучунун жыйынтыгын так жана калыс эсептелишине көңүл бурулуп, 18 окуучу облустук олимпиадага катышууга  жолдомо алышты.

Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар өз билимдерин адилет баалоо шартында сынай алышты. Облустук турга өткөн бардык катышуучуларга ийгилик калайбыз

 

 

Жооп калтыруу