НАРЫН РАЙОНУНДАГЫ «АКЫЛДУУ МЕКТЕП» ДОЛБООРУНА КИРГЕН МЕКТЕПТИН ОПЕРАТОРЛОРУ ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК ОНЛАЙН ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

2022-жылдын 14-сентябрь күнү Нарын районундагы «Акылдуу мектеп» долбооруна пилоттук негизде тандалып алынган мектептердин өкүлдөрүнө маалыматтык онлайн жыйын болуп өттү. Жыйынга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары Сабира Сыдыкбаева жана Казыбек Асылбеков жана мектеп директорлору, мектептин долбоор боюнча операторлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө   «Акылдуу мектеп» долбоору жана анын алкагында ишке киргизилип жаткан «Электрондук мектеп» платформасы анын артыкчылыктары, мааниси жана келечектеги жемиштери тууралуу маалымат берилип, катышуучулардын суроолоруна жооп берилди. Мындан сырткары бул мезгилге чейин «Күндөлүк» автоматташтырылган системасы менен ийгиликтүү иш алып барып жаткан Түгөл уулу усупбек атындагы орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу Мирбек Абылов өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Акылдуу мектеп» долбоорунун алкагында мектептердеги санариптештирүү реформалары ийгиликтүү ишке ашырылып, билим берүү кызматкерлери бир катар түйшүк жаратып келген кагаз ишинен арылып кала тургандыгы баарыбызды кубандырбай койбойт. Андыктан долбоордун жетекчилигине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Добавить комментарий