Нарын районундагы бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи өттү
2025-жылдын 30-июнунда Нарын районунун жалпы билим берүү мекемелеринде 9- жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк, аттестаттар жана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Жалпысынан 909 окуучу 9-классты, ал эми 557 окуучу 11-классты ийгиликтүү аякташты.
Ошондой эле, быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) Нарын районунан 520 бүтүрүүчү катышты. Жыйынтыгында 200 упайдан жогору алган окуучулар төмөнкүлөр болду:
- Асанкулова Сезим – 211 упай (Омор уулу Кожоке атындагы орто мектеп)
- Чолпонкулов Адахан – 206 упай (М. Иманалиев атындагы орто мектеп)
- Батырканова Самира – 206 упай (Р. Усубалиев атындагы орто мектеп)
Район боюнча ЖРТнын жыйынтыгы менен 110 упайдан жогору алган пайыздык көрсөткүч 74.86% түзүп, бүтүрүүчүлөр жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алышты.
Нарын райондук билим берүү бөлүмү бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин, мугалимдерди куттуктап, мындан аркы билим жолунда ийгиликтерди каалайт!











