2022-жылдын 2-мартында Нарын районундагы Калыгул Жусупов атындагы орто мектебинде “Окуучулардын билим сапатын көтөрүү менен мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу” темасында өрөөндүк семинар өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, усулдук кабинеттин жетекчиси Бурулсун Исакова, Чет-Нура өрөөнүнүн жетекчилери жана мугалимдери катышышты.
Семинардын темасы: “Окуучулардын билим сапатын көтөрүү менен мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу”.
Семинардын максаты: Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүгүн, шыгын, жөндөмүн аныктап билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу”.
Семинарда мугалимдер учурдун талабына ылайык интерактивдүү сабактарды көрсөтүштү. Ар бир сабакта педагогдор окуучулардын билим билгичтиктерин көндүмдөрүнө таянып, окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүнө көңүл бурулду. “Сиздин балаңыз окуучу болду” деген темада ата-энелердин катышуусу менен тарбиялык сааттар өтүлүп, ошону менен бирге мугалимдер тарабынан жаңы усулдар боюнча тренинг өтүп беришти.