Нарын районуна караштуу Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин директору Анаргуль Джолдубаева окуучулары менен Белоруссия мамлекетинде Минск шаарында өтүлгөн Экинчи эл аралык жаштар дипломатиясынын “Дороги мира, дороги добра” аттуу семинарга барып келишти.
Семинар беш күн бою өтүлүп, анда педагогика жаатында мастер класстар, педагогика-психологиялык тренингдер, интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, шаар ичине саякаттар уюшулган.
Анаргуль Джолдубаева мындай семинарларга бир нече жолу окуучуларды алып барганын, чет өлкөгө ал өзүнүн жеке каражаты менен алып чыкканын айтат.
“Мен мындай семинарларга бир нече жылдан бери катышып келем. Окуучуларды алып чыгууда биз жеке каражатыбыз менен барып келебиз. Чет өлкөгө чыгып келген окуучуларда патриоттук сезимдер, шыктануу пайда болот.”
Окуучулар мындай семинарга алгачкы жолу чыгышкан. Алардын сезимдеринде, кубанычтарында чек жок экени байкалат.
“Менин эмнегедир Минск шаарында жашагым келип калды. Себеби, жаратылышы кооз, таза шаар, ал эми элдери боорукер, тартиптүү экен. Башка өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүү менен өзүбүздүн мамлекетибиздин да маанилүү жактарын көрө алат экенбиз. Мен бул семинарга катышып калганыма абдан кубанычтамын. Буюрса келечекте дагы барууну пландашрытып жатам!”- деди Акжол Асанов.
Белгилей кетсек, бул долбоорго Германия, Турция, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Карелия мамлекететтеринен келип катышышкан.
Маалыматты даярдаган УСУПБЕКСТАН медиеборбору