Бүгүн, 10 -ноябрда Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылында “Абдылда Ата” атындагы бала бакчанын капиталдык ремонт иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул саамалык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары А.Орозказиева, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, айыл Өкмөтүнүн башчысы, жергиликтуу кенештин депутаттары , айыл тургундарынын катышуусунда өттү.
2022 -жылы бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү планга киргизилип, Республикалык бюджеттин ” Түрткү берүүчү грантынын” эсебинен жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланды . Долбоордун сметалык баасы 3 млн 442 сомду түздү . Жергиликтүү бюджеттен 520000 сом өздүк салым катары каралган.
А. Конокбаева
Бала бакчанын директору