Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин ачылыш аземи

Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы  орто мектебинин ачылыш аземи

Көптөн күткөн Кеңеш айылындагы   Казаалы Абиров атындагы 150 орунду эки кабаттуу баардык шарты менен заманбап мектеп  имараты пайдаланууга берилип, ысымы ыйгарылган  Казаалы  Абировдун  айкели  ачылды.  Иш-чарага облус башчысы  Сабыркул Ашимбаев, район башчысы Нуридин Мадимаров, Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, мектеп жетекчилери жана айыл тургундары катышты.  Мектеп 1971-жылы ОШ-А-60  тибинде ашар жолу менен  курулган.   2015-жылдын  13-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын , райондук архитектура жана куруу башкармалыгынын  жана өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин  райондук билим берүү  бөлүмүнүн адистери тарабынан  комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү  иштерин жүргүзүп , имаратты  капиталдык оңдоого  мүмкүн эместиги боюнча  корутунду  чыгарылып,жаңы мектепти куруу боюнча сунуштарын беришкен. (АКТ №114 13.07.2015-ж).

Добавить комментарий