2022-жылдын 15-мартында окуучуларды рухий-адеп-ахлактуулукка,аскердик-атуулдукка,Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында Нарын районунун мектеп окуучулары арасында “Жоокер ыры”аскердик-атуулдук кароо сынагынын райондук этабы болуп өттү.Кароо-сынакка :
1.”Көркөм окуу”
2.”Согуш жылдарындагы ырлар”
3.”Атуулдук ырлар” номинациялары боюнча жалпы 35окуучу катышып,1-орунду камсыз кылган 3окуучу :
1)”Көркөм окуу”номинациясы боюнча Актан Тыныбек атындагы орто мектебинен Адекова Рахат;
2)”Согуш жылдарындагы ырлар”номинациясы Т.Байбураев атындагы орто мектебинен Мелисов Баяман;
3)”Атуулдук ырлар”номинациясы боюнча А.Аралбаев атындагы орто мектебинен Темирболотова Сайкал калыстар тобунун чечими менен тандалып конкурстун облустук туруна жолдомо алышты.