Нарын районунун мектептеринде КР Мамлекеттик Туу күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди.

2022-жылдын 3-мартында Нарын районундагы бардык мектептерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнүн 30жылдыгы  белгиленди. Окуучуларды биримдикке, ынтымакка, мекенчилдикке, патриоттуулукка тарбиялоо максатында иш чаралар Мамлекеттик Гимнди ырдоо менен башталды.Мектептеги бардык класс жетекчилер 1-11-класстын окуучуларына “Түбөлүккө желбирей бер, эгемендик желеги” , “Кыргыз туусу  дайым турса желбиреп, демек элдин эгеменин билдирет” тарбиялык сабактарды өтүшүп, флешмобдор,  9-11-класстар арасында “Бийикте турса желегищ, билегим күчтүү дегеним!” аттуу спорттук иш чаралар, 5-11-класстар арасында “Көтөрүп алып байрагым, көрктөнүп элим жайнагын!”, “Желбиресин Кыргызстан желеги”, “Кыргызымдын кызыл туусу, мекенимдин улуулугу” деген темада сүрөт, дубал газеталар конкурстары  уюштурулуп, жогорку дещгээлде өткөрүлдү.

Добавить комментарий