НАРЫН РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ — «ОКУУ КЕРЕМЕТ»

Нарын районундагы Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинде 2023-жылдын 20-февралында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу» аталышындагы өрөөндүк семинар болуп өткөрүлдү. Семинар  окуучулардын окуу жана математикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында өткөрүлдү.

 

Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесипке кайра даярдоо борборунун директору, «Окуу керемет!» долбоорунунун мастер тренери Бусуманкулова Жаныл Абдимуталиповна, «Окуу Керемет!»долбоору боюнча координатору Жунусакунова Айжаркын жана Куланак өрөөнүнүн башталгыч класстын мугалимдери менен биргеликте усулдук бирикме жетекчилер катышышты.

«Окуу керемет!»долбоорунун алкагында башталгыч класстардын семинарынын планынын негизинде стратегияларды пайдаланып ачык сабактарды жана класстан тышкаркы иш чараларды өтүп беришти. Учурдун талабына ылайык ата энелер менен биргеликте фин чилистен,»Электрондук китептер балдар менен мектепте жана үйдө» класстан тышкаркы иштерди көрсөтүп көпчүлүктүн көнүлүн бурду.

Семинардан кийин өрөөндөрдүн мугалимдери,мектеп администрациясы менен биргеликте тегерек стол уюштурулуп долбоордун алкагында окутулган стратегиялар жана башка көптөгөн суроолоруна жооп ала алышты.

      Ушундай эле өрөөндүк семинар 21-февралда Алыш айылындагы Алыш орто мектебинде да өткөрүлдү. Семинардын максаты: Билим берүүдө ата энелер менен тыгыз байланышта болуп окуу сапатын жогорулатуу.USAIDдин «Окуу керемет!» долборунун алкагында өткөрүлүп жаткан семинарлар Нарын районунун бардык өрөөндөрүндө өткөрүлө тургандыгы боюнча усулдук кабинеттин жетекчиси Исакова Бурулсун Абдыкадыровна баса белгилеп семинар өтүү аркылуу район ичиндеги мугалимдер аралык тажрыйба алмашуу болду деп семинарды жыйынтыктады.

Сыдыкбаева Сабира

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти

Добавить комментарий